Жагат

Каныкей Туркияга аттанууда.

09.06.2011

Рекомендую

TRT Радио Башкармалыгы тарабынан уюштурулган "Түркчө Көз Караш" (TÜRKÇEVİZYON) Эл Аралык Түрк Музыка Фестивалында бул жылы Кыргызстандын атынан ийгиликтүү, жаш этно рок ырчысы Каныкей катышмакчы.

Фестивальдын Кыргызстан тарабын ар жылдагыдай эле "Манас" Радиосунун салымы менен уюштурулду да "Манас" Радиосу тарабынан бул жылы фестивальга барууга Каныкей тандалды.

Каныкей "Түркчө Көз Карашта" Кыргызстанда белгилүү болгон "Кара Чаң" аттуу ырын түркчө варианында тартууламакчы. Бул ырдын сөздөрүнүн автору, мындан мурунку Кыргызстандан фестивальга катышкан ырлардын да автору, "Манас" Радиосунун жетекчиси Бүлен Намал. Ырдын түркчө версиясынын аты "Ruhun Özgür" болмокчу.

Каныкей Бүлент Намал менен биргеликте

Бир нече күн мурун Каныкей "Манас" Радиосуна барып, Бүлент Намал менен биргеликте ырдын сөздөрүнө даярданып, ырды жаздырышты.

Каныкей

 

 

Ошондой эле Каныкей 19 июньда Истанбул шаарында жеке концертин бермекчи. Мындан алдын Кыргызстандын түштүк жергесинде гастролдук тур уюштурган жана концертеринин ийгиликтүү өттү деп эч күмөнсүз айта алабыз. Каныкейге алдыда ийгиликтерди каалап кетмекчибиз.

Айта кетчү нерсе, бир жыл мурун "Түркчө Көз Караш" фестивалына Кыргызстандан Неля жана 2009 жылы болсо Тата Улан барышкан. Кызыктуусу Facebook социалдык тармагында түрк боордоштор таабынан "Тата Уландын күйөрман тобу" (Tata Ulan'ın Hayran Grubu) деп аталган баракча ачылган жана көптөгөндөр Этно акыныбыздын талантына баа берээрин билдиришкен. Балким Каныкей да Тата Улан сымал түрк боордошторубуздун көңүлүн багындыраар, ким билет... 

 

Студенттерди майрамы менен куттуктайбыз!!!

Майрамыңыздар менен!!!

Туулган күнүңүз менен Айбек!!!

Айбек Акматовдун Туулган күнү менен куттуктайбыз

Темир Назаров - За жизнь (аудио)

Прослушать музыку и скачать

Бишкек, я люблю тебя

Фоторепортаж

Темир Назаров - За жизнь

Новый клип от Темира Назарова. Душевная песня как и клип...

__________________________

Биздин Көмөктөштөр

  • Кыргызча Портал
  • Маркетинг кыргыз тилинде
  • Кыргызча маалымат порталы
  • Амантурдун өздүк сайты
  • .
    Free counters!