Жагат

Түркчөвизйон башталды

15.06.2011

Рекомендую

Түркчевизйон фестивалынын катышуучуларыКечээ күнү Түркиянын Деңиздүү шаарында жылына болуп келе жаткан “Türkçevizyon” ыр фестивалынын ачылышы болуп өттү. Бул жылы үчүнчү жолу уюштурулуп жаткан фестивальга жыйырма өлкөдөн жүзгө жакын катышуучу келген. Катышуучулар алгач Деңиздүү шаарынын губернатору Явуз Эрменде конокто болушту, андан кийин Деңиздүү шаарынын мэриясынын кызмат курулушуна чейин жөө жүрүш аткарышты.

Түркчөвизйондун катышуучулары менен биргеликте шаардын жетекчилери жөө жүрүштө

Жөө жүрүштө губернатор Явуз Эркмен, Деңиздүү шаарынын мэри Осман Золан, Türkçevizyon TRT фестивалынын жетекчиси Сүлейман Көксой жана ырчылар катышты. Андан кийин катышуучулар Деңиздүү шаарынын мэри Осман Золанда конокто болушту.

Деңиздүү шаарынын мэри катышуучуларды коноктоду

Программа боюнча кечке маал Деликличынар аянтында элге концерт сунушталды.

Диликличынар аянтында концерттин башталышы

Деликли чынар аянтында фестивальдын ачылышына арналган концерт

Бүгүн 15.05.2011 Памуккаледе жыйырма өлкөдөн келген катышуучулар сахнаны ээлешет.
Эскерте кетсек бул жылы Кыргызстандан жаш этно рок ырчыбыз Каныкей өзүнүн “Кара Чаң” аттуу ырынын түркчө версиясы менен катышмакчы. Ырдын сөздөрүнүн автору “Манас” радиосунун жетекчиси Бүлент Намал. Анда эмесе фестивальдын агымын байкап, мекендешибизди колдоп, кубаттап туралы.

Каныкей, Türkçevizyon фестивалынын катышуучулары менен бирге Деңиздүү шаарынын мэринин кабылдамасында

 

Türkçevizyonго байланыштуу сүрөттөрдү биздин сүрөтканадан көрө алсаңыздар болот. 

Студенттерди майрамы менен куттуктайбыз!!!

Майрамыңыздар менен!!!

Туулган күнүңүз менен Айбек!!!

Айбек Акматовдун Туулган күнү менен куттуктайбыз

Темир Назаров - За жизнь (аудио)

Прослушать музыку и скачать

Бишкек, я люблю тебя

Фоторепортаж

Темир Назаров - За жизнь

Новый клип от Темира Назарова. Душевная песня как и клип...

__________________________

Биздин Көмөктөштөр

  • Кыргызча Портал
  • Маркетинг кыргыз тилинде
  • Кыргызча маалымат порталы
  • Амантурдун өздүк сайты
  • .
    Free counters!