Жагат

I Эл аралык түрк оюндары

16.02.2011

Ысык-Көл облусундагы «Аалам-Ордо» маданий-этнографиялык борборунун базасында 30-августтан 5-сентябрга чейин I Эл аралык түрк оюндары өтөт. Бул тууралуу коомдук ишмер Ташкул Керексизов бүгүн, 15-февралда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бул мелдеш - споттун эски, салттык түрү боюнча биринчи эл аралык мелдеш болуп саналат жана бүткүл дүйнөлүк телеканалдарда түз трансляция аркылуу чагылдырылат.

Мелдеш спорттун 5 түрү боюнча жүргүзүлөт: көк-бөрү, оодарыш, тыйын эңмей, байге жана күрөш. Ал эми оюнга түрк тилдүү өлкөлөрдүн бардык өкүлдөрү чакырылат. «Биз азырынча мелдешке канча мамлекеттен, канча команда, канча оюнчу келээрин так айталбайбыз. Муну Маданият жана малымат министрлиги, Спорт жана дене тарбия боюнча мамлекеттик агенттиги менен биргеликте чечебиз», - деди ал.

Т.Керексизов белгилегендей, таймашта спортчулар 6 комплект медалга ат салышат. Ал эми мелдеш өтө турган жер 100 миң мейман катыша тургандай кылып пландалган.

«Мындай эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар өкмөттүн демилгеси менен өтүп келген болсо, бүгүнкү күндө эл өздөрү демилге кылууда. Биз карапайым эл менен биргеликте казак туугандардын жардамы менен өткөрүүнүн аракетин көрүп жатабыз. Өлкө башчылар кайдыгер карабай, колдоо көрсөтөт деген ишенич бар», - деп айтты ал.

Казакстандык «Адал Азамат» фондусунун вице-президенти Ерлан Сержан уулунун айтымында, түрк оюндарын Кыргызстанда өткөрүүнүн эң негизги максаты - өлкө кыйын кырдаалда турганда эл аралык өкүлдөрдүн катышуусунда чоң той өткөрүү. «Бул той элдин биримдигин, ынтымактуулугун, эл аралык достук мамилелердин чыңдалышына өбөлгө түзөт», - деп белгиледи Е.Сержан уулу.

Студенттерди майрамы менен куттуктайбыз!!!

Майрамыңыздар менен!!!

Туулган күнүңүз менен Айбек!!!

Айбек Акматовдун Туулган күнү менен куттуктайбыз

Темир Назаров - За жизнь (аудио)

Прослушать музыку и скачать

Бишкек, я люблю тебя

Фоторепортаж

Темир Назаров - За жизнь

Новый клип от Темира Назарова. Душевная песня как и клип...

__________________________

Биздин Көмөктөштөр

  • Кыргызча Портал
  • Маркетинг кыргыз тилинде
  • Кыргызча маалымат порталы
  • Амантурдун өздүк сайты
  • .
    Free counters!