Жагат

Омар Эл Аралык Фестивальда

20.02.2011

Супер Инфо гезитинен

Кыргызстандын атынан Астанада өткөн Эл аралык фестивалга катышып келди. Бул жана башка жаңылыктары тууралуу ырчы жигит өзү кеп салат.

 

– Омар, Астанада өткөн фестивалга кандай барып келдиң?
– 3-февраль күнү Кышкы Азия оюндарынын алкагында өткөн “Астана даусы” фестивалына барып катыштым. Өзүм “Сары-Ой” деген ырды дайындап барган элем. Бирок уюштуруучулар “сизди “How Long” ыры аркылуу бардык Азия эли тааныйт” деп ошол ырды ырдатышты.
– Ал жакта кандай кызыктарга күбө болдуң?
– Астанада Малайзия, Япония, Таиланд, Индонезия, Кытай сыяктуу өлкөлөрдүн ырчылары менен жакындан тааныштым. Андан сырткары Батырхан Шукенов сыяктуу белгилүү адамдар менен чогуу отуруп, чогуу тамактанып жүрдүк. Казакстанда белгилүү болгон “Ринго” тобунун продюсери менен бир долбоордун үстүнөн иштешмей болдук. Буюрса, жакында ал тилегибиз да ишке ашып калат.
– Кыргызстандын атынан чыгыптырсың, колдоо көрсөткөндөр болдубу?
– Көп болбосо да Маданият министрлиги 30 000 сом акчалай жардам көрсөтүштү. Эң негизгиси, адамдын көңүлү деп коюшат эмеспи. Ошол сыңары бизге көңүл бөлүп, аз болсо да колдоо көрсөткөндөрүнө ыраазычылыгымды билдирем.
– Рахмат маегиңе. Ар дайым бар бол, аман бол!

 

"Жаңы Толкунда" ырдаган видеосу

 

Студенттерди майрамы менен куттуктайбыз!!!

Майрамыңыздар менен!!!

Туулган күнүңүз менен Айбек!!!

Айбек Акматовдун Туулган күнү менен куттуктайбыз

Темир Назаров - За жизнь (аудио)

Прослушать музыку и скачать

Бишкек, я люблю тебя

Фоторепортаж

Темир Назаров - За жизнь

Новый клип от Темира Назарова. Душевная песня как и клип...

__________________________

Биздин Көмөктөштөр

  • Кыргызча Портал
  • Маркетинг кыргыз тилинде
  • Кыргызча маалымат порталы
  • Амантурдун өздүк сайты
  • .
    Free counters!