Жагат

Эл аралык Түрк оюндары

12.03.2011

Жакында Кыргызстанда Олимпиада оюндары менен Азия оюндарынан кем калышпаган чоң эл аралык мелдеш өтөт. “Түрк оюндары спорттук мелдеш гана эмес, ал – түрк маданияты менен этносунун триумфу”,- дейт уюштуруучулардын бири, казакстандык меценат Ерлан Сержанулы. Бул маекти окуганда сиздерде жылмаюу, сыймыктануу жана сыйлоо сезими жаралса, ажеп эмес.

– Ерлан мырза, Түрк оюндарын уюштуруу идеясы качан жаралган?
– Түрк оюндарын өткөрүү идеясынын жаралышы 2006-2007-жылдарга барып такалат. Досторум, санаалаштарым болуп ойлончу элек, “эмнеге биздин, түрк элдеринин бирдиктүү бренди жок?” деп. “Биздин кылымдарды карыткан бай тарыхыбыз, өчпөс мурастарыбыз бар го. Качанкыга чейин меймандос болуп, бирөөлөрдү ойлоп, өзүбүздү ойлобой жүрө беребиз?” деп ушундай ишти баштоону чечтик. Анан тар чөйрөдө улуттук оюндар боюнча чакан мелдештерди уюштура баштадык. Биз аларды видеого тартып, интернет булактарына жүктөчүбүз. Айрымдарын Европага алып барып көрсөткөн күндөрүбүз да болгон. Бирок оюндардын идеясы пайда болору менен эле дароо эл аралык деңгээлге жулунган жокпуз. Идеяны бышырып, жергиликтүү мелдештерди өткөрүп көргөндөн кийин гана өнүктүрүүнү чечтик. 
Расмий түрдө бийлик өкүлдөрүнө да кайрылдык. 2-февралдагы Кыргызстан менен Түркиянын өкмөт башчыларынын жолугушуусунда Түрк оюндары колдоого алынары тууралуу айтылды. 
Ошентип, бүгүнкү күндө Түрк оюндары өзүнүн логикалык аягына чыгып, биринчи Эл аралык Түрк оюндарын өткөрүү алдында турабыз. 
– “Эмнеге Кыргызстан?” деген суроо туулат экен... 
– Биринчиден, Ысык-Көл биринчи Түрк оюндарын кабыл алууга татыктуу. Ал – түрк дүйнөсүнүн керемет жерлеринин бири. Бай тарыхка жана кооз жаратылышка ээ. Түрк оюндарынын тушоосун кесүү үчүн Көлдөн өтөр жер жок. Ошондуктан Көлдү тандадык. Экинчиден, оюндарды өткөрүү үчүн Кыргызстанда бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Андыктан биз бул жактабыз.
– Түрк оюндарын Олимпиада менен Азиадага теңей албайбыз. Ошентсе да өзгөчөлүгү бар экендиги белгилүү. Бул тууралуу эмне дей аласыз?
– Бул мелдеш өзүнчө эле чоң той болот. Болгондо да баарынын колу жете турган той. Мисалы, Олимпиада оюндарына баруу баарынын эле колунан келе бербейт. Анын үстүнө таймаштар ачык асман алдында, көл боюнда өтөт. Кирүү акысыз. Ал үчүн бир да кыргыз акча сурабайт. Каалоочулар мелдеш учурунда келип, боз үй тигип, үй-бүлөсү менен кызуу таймаш көрүп, эс алып кетишсе болот. Дагы бир көңүл бура турган жагдай, эбегейсиз укмуш боз үйлөрдү тигүүгө аракет кылып жатабыз. Ал жагынан “Гиннес рекорддор китебине” кирүү пландарыбыз бар. Бул да өзүнчө таң калтырган укмуш нерсе болмокчу. 
– Уюштуруучулар жөнүндө айта кетсеңиз...
– Оюндарды өткөрүү демилгесин казакстандык «Адал азамат» коомдук фонду көтөрүп чыкты. Мен бул фонддун вице-президенти болуп саналам. Аталган фонд атайын ушул оюндарды өткөрүү максатында түзүлгөн. Биздин демилгени “Аалам-Ордонун” негиздөөчүсү Ташкул Керексизов колдоого алды. 
Ошентип, аталган 2 фонддун колдоосу астында оюндарды өт­көрүү мүмкүнчүлүгү тү­зүлүп, учурда оюндарды өткөрүү боюн­ча дирекция уюшулуп жатат. Уюштуруу комитетине 
6 түрк өлкөсүнөн (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия, Азербайжан) жана 13 автономияга ээ болгон түрк элдеринин (Татарстан, Башкортостан, Хакасия, Алтай, Якут, Каракалпакстан, Синьцзян-Уйгур автономиялык району, Гагаузия, Кабардин-Балкар, Карачай жана башкалар) өкүлдөрү кирет.
– Пресс-релизде “спорттун 5 түрү боюнча таймаш болот” деп турат. Эмне үчүн 5 эле түр боюнча?
– Ооба, 5 гана оюн боюнча өтөт. Алар – көк бөрү, оодарыш, байге, тыйын эңмей жана күрөш. Көк бөрү, оодарыш, күрөш оюндары учурда дүйнөдө популярдуу болуп жаткан футбол, бокс, хоккей сыяктуу спорт түрлөрүнөн кем калышпайт. Ушунчалык бүйүр кызытат. Аталган бешөөнө токтолгонубуздун себеби, чынында, азырынча андан ашыгын көтөрө албайбыз. Башталышы үчүн 5 оюн жакшы эле. Баары акырындан болот да. Келечекте ар бир эл спорт түрлөрүн сунуштай баштайт. Анан, албетте, Түрк оюндарынын программасына башка оюн түрлөрүнөн кошулат.
– Чемпиондук үчүн курама командалар күч сынашабы?
– Мелдештер улуттук командалар арасында эмес, клубдар арасында өткөрүлөт. Түрк мамлекеттери кааласа, бир эмес, бир нече команда даярдап чыгышы мүмкүн, УЕФАнын Чемпиондор Лигасы сыяктуу. Атүгүл бир айыл да команда түзүп, взнос төлөп катышып, чоң байге жеңип алса болот.
– УЕФА деп калдыңыз, кайсы эл аралык уюмдар менен иштешип баштайсыңар? Адатта, эл аралык мелдеш кандайдыр бир уюмдун колдоосунун астында өтөт эмеспи.
– Азырынча бизди түркиялык “Түрксой” уюму колдоого алды. Ал түрк элде­ри­нин музыка, маданият, живопись жана башка тармактарын колдоо боюнча иш алып барат. Андыктан оюндар ушул уюмдун, анан, албетте, Кыргызстандын эгидасы астында өтөт. Мындан тышкары башка түрк өлкөлөрү да колдошот деп ишенебиз. Буюрса, ачылыш салтанатына бир нече түрк өлкөлөрүнүн президенттери катышат. Анан да айта кетчү нерсе, быйылкы жыл Кыргызстанда Курманжан датканын жылы болуп саналат эмеспи. Түрк дүйнөсүнөн чыккан улуу инсандардын бири болгон Алай ханышасынын туулганынын 200 жылдыгы белгиленет. Түрк оюндарынын ушундай маараке менен үндөшүп өтүп жатканы кубантпай койбойт. Андыктан муну өзүнчө чоң майрам десек жаңылышпайбыз.
– Эл аралык олимпиадалык комитеттин жетекчиси Жак Рогге да чакырылышы мүмкүнбү?
– Ачыгын айтыш керек, азырынча уюштуруу иштери менен алек болуп, ЭОКко чыга элекпиз. Бирок ЭОК эле эмес, БУУнун өкүлдөрүн да оюндарга чакыруу ниетибиз бар. Буюрса, тоюбузга эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да келет деген ишеничтебиз. Мисалы, уулдуу болсок, той өткөрүп, коңшуларыбыздын баарын чакырабыз го. Улутуна карабастан, кубанычты баары тең бөлүшөт. Ошондой эле босогобузду аттагандардын баары сыйлуу коногубуз болмокчу.
– Оюндар жай мезгилинде гана өтөбү?
– Ооба, анткени айлана-чөйрө жашыл болуп турган жай мезгилинде жаратылыштын кооздугу укмуш көрүнөт. Биздин оюндар табият менен гармонияда өтүүгө ыңгайлашкан да. Туңгуч Түрк оюндары Ысык-Көлдөгү «Аалам-Ордо» маданий-этнографиялык борборунда өтөт. Ал эми экинчи Түрк оюндарын кайсы өлкө кабыл алары туңгуч оюндардын жабылыш салтанатында гана билинет. 
– Азыр кандай иш-чара болбосун, каржылоодон көз каранды. Бул долбоорго кайдан акча таап жатасыздар? Ошондой эле мыкты жарнама болуусу кажет. Ал жагы кантип жатат?
– Ооба, көбү кызыгып жатат, “мындай чоң долбоорду ким каржылап жатат?” деп. Бирок бул башкысы эмес, башкысы – түрк элдеринин ынтымагы. Өзүңүз элестетип көрүңүз, түрк элдеринин бир тойдо жыргап жүрүшкөнүн. Анан ажыратып көрүңүз, ким кыргыз да, ким казак же ким түркмөн экенин... 
Ал эми жарнама жагына келсек, августка чейин ай сайын ММКлар аркылуу маалымат берип турабыз. Азыр теледолбоор үстүндө иштеп жатабыз. Ошондой эле биринчи жолу ушундай оюндар боюнча чоң мелдешти спутник аркылуу дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө түз эфирден көрсөтүүнү пландап жа­та­быз. 
– Окурмандар үчүн Түрк оюндарынын маанисин айтып берсеңиз...
– Бул долбоор миллиондогон түрк элдеринин башын бириктирет. Ошол миллиондогон түрк элдеринин арасында жоголуп бараткандары бар. Аз болсо да, мейли бирөө келсин, мейли экөө келсин, алар – биздин боордоштор. Ачылыш салтанатында улуттук кийиминде параддан өтүшөт. Мунун өзү кандай сыймык! Биз спорттук мааниде буга чейин билинбей келген түрк элдеринин туусун көтөрөбүз. Буюрса, Эл аралык Түрк оюндары спорттук мелдеш гана эмес, түрк элдеринин, түрк маданиятынын триумфу болот. Башкысы, бул долбоор биринчи жолу Кыргызстанда ишке ашат.
– Сизге эркин микрофон. Кандайдыр бир кайрылууңуз бардыр...
– Жогоруда айтылгандай, бул мелдеш биринчи жолу сиздердин жериңиздерде өтүп жаткандыгы Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ. Учурда биз үчүн ар бир кыргызстандык “дүйнөнүн төрт бурчунан түрк боордошторубуз келатат, биз конокторду кантип тособуз?” деп ойлонуусу маанилүү. Келгиле, татыктуу тосуп алабыз, жакшы жактарыбызды көрсөтөбүз. Мында ар бир майда-чүйдө нерсе маанилүү. Талкаланган короо-жайды оңдоп койсок да чоң иш болот. Анткени чет элден коноктор келип, бул жак менен таанышат. Тилегибиз – «Ысык-Көл» деген сөз планетабыздын ар бири жашоочусунун жүрөгүнө жетсе. Ысык-Көлдү уккандан кийин “ал кайда?” деген суроо туулат. Ысык-Көл Кыргызстанда, а Кыргызстан Азияда. Муну менен Ысык-Көл жарнама болот. Мындайча айтканда, Ысык-Көлгө кызыгуу туулат. Мунун баары туризмдин өнүгүүсүнө шарт түзөт. 
– Маегиңизге рахмат. Сапа­рыңыздар байсалдуу болсун!

Булак: Супер Инфо

Студенттерди майрамы менен куттуктайбыз!!!

Майрамыңыздар менен!!!

Туулган күнүңүз менен Айбек!!!

Айбек Акматовдун Туулган күнү менен куттуктайбыз

Темир Назаров - За жизнь (аудио)

Прослушать музыку и скачать

Бишкек, я люблю тебя

Фоторепортаж

Темир Назаров - За жизнь

Новый клип от Темира Назарова. Душевная песня как и клип...

__________________________

Биздин Көмөктөштөр

  • Кыргызча Портал
  • Маркетинг кыргыз тилинде
  • Кыргызча маалымат порталы
  • Амантурдун өздүк сайты
  • .
    Free counters!