Жагат

Атай Өмүрзаков "Баракелденин" онлайн-конферренциясында.

22.03.2011

Атай Өмүрзаков, 18-мартта «Баракелденин» онлайн түрүндөгү конференциясы аркылуу окурмандардын суроолоруна жооп берди.

Каптаар: Азаматсың Атай! Туура жолуңдан тайба... азгырыктарга айланчыктабасаң, алыска барасын, кудай буюрса. Жакшыга жанашып, Алладан тилесең баары өз ордунда болоор

Кыргызмын: Атай, сага көп кыздар тийишеби? Кандай кыздар сага жагат?

Атай: Танышсак болобу деп көп эле кыздар чалат, баарына жакшы жооп бергенге аракет кылам. Көбүнчөсү апама жаккан кыздар жагат.

Таалим: Атай, эч качан адамдык сапаттарды унутпа!

Атай: Аракет кылам. Рахмат

Баатыр: Кыргыздын улан кыздары! Арак ичип, мушташып же сойкулук(түзөтүлдү) кылып жаш өмүрүңөрдү кор кылбай, Атайдан элге кызмат кылганды үйрөнгүлө! Улуу элбиз деген тантырактыкты токтотуш керек, биз мифтер менен жашап атабыз, бүгүн болсо практиканын, прагматизмдин заманы! Азамат Атай, кыргызды сендей жигиттер алдыга тартып кетет.

Атай: Чоң рахмат!

Жом жом: Саламатсыңбы Атай! Бийлегениң өтө жагат, өзүң бий мектебиңди ачацын деп ойлоп жатасынбы? Качан? Келечекке кандай пландар бар? Өзүңдүн жеке концертиңди жакында койосуңбу?

Атай: Саламтчылык. Чоң рахмат сизге. Жеке концертимди келеерки жылда берсем деп максат кылып жатам. Пландарымда андан ары көптөгөн чет өлкөлөргө чыгып, кыргыз жеринин атагын чыгарсам, дейм.

Мираида: Сага Бакиев үй берилет деп жатканда бийлик алмашып кеткенин билебиз.Ал үйдү албай да калдың окшойт. Сурайын дегеним азыркы бийлик сага кичине болсо да көңүл буруп жатабы?

Атай: Кээ бир чиновниктер менен таанышканмын, бирок жардам сурагандан тартынам.

Мираида: Атай саламатсыңбы? Мен сенин чыгармачылыгыңды аябай баалайм. Сага бир суроом: "Минута славы"га барганыңда, сени чакырганда эмне себептен город Каракол деп чакырды эле. Себеби, сени кайсы мамлекеттен барганыңды билишпей деле калды окшойт. Эмне, Кыргызстандыкмын дештен уялдынбы? Не себептен ушундай болду, ошону сурайын дегенмин.

Атай: Чоң рахмат. Каракол шаары деп чыгып калганынын себеби, «Минута славы» долбоорунда шаар аталышын жазат экен. Жакшы эле сураныч кылгам, бирок андай болбойт деп Каракол шаарынан деп жазышкан.

Алиса Киса: Той ашка чакырса барасыңбы? Канча сомго чыгып бере аласың?

Атай: Көптөгөн корпоративтерге жана тойлорго чакырышат, баардык артисттердей эле аракет кылам катышканга. Акчасын айтпай эле коёюн, анткени ар бир жерде ар кандай болуп калышы мүмкүн.

Насыйкат: Сахнадагы имиджиңизди түзүүгө ким жардам берет?

Атай: Өзүм ойлоп чыгарам бирок, жасоого көп адам жардам берет. Баарына ыраазычылык билдирмекчимин.

Насыйкат: Окуу менен чыгармачылыкты бирдей алып кетүү кыйын болбой элеби?

Атай: Азырынча окууга көп убакыт жетпей, сабактардан калып жатам. Бирок окуудан түшүнүп колдоп турушат.

Насыйкат: "Минута Славы" долбооруна барганда максатыңыз апаңызды кубандыруу эле, тилегиңиз ишке аштыбы? Апаңыздын сиз кайтып келгендеги бир реакциясы?

Атай: Ооба деп ойлойм. Биринчи реакциясы - мени өпкүлөп жиберген.

Айзада: Саламатсызбы Атай! Эсиңизде калган күлкүлүү окуя? Ийгилик каалайм!!!

Атай: Саламатчылык. Чоң рахмат, бир окуяны айтып берейин. Каракол шаарынан кышында футбол турниринде биздин команда ойноп бүткөндөн кийин кийинүүчү жайга кирсек, бардык кийимдерибизди уурдап кетишкен экен. Айла жок биз үйгө шортачан чуркап кетип баражатканыбызды көрүп, элдер "мээси жок балдар экен" деп сөз айтып жатышты. :-)

Айзада: Алтын балык кармап алсаңыз биринчи үч тилегиңиз кайсы болот эле?

Атай: Биринчиден, динге жакын болууну, экинчиден, элге жардам бергенге мүмкүнчүлүк болсо деп сурамакмын. Үчүнчүсү, дүйнөдөгү тынччылыкты тилемекмин.

Айзада: Туулган жериңиз Караколго бат бат каттап турасызбы?

Атай: Туулуп өскөн шаарыма бат-бат барганга аракет кылам, бирок, убакыт жетишпей жаткандыктан дайыма барып турууга мүмкүнчүлүк болбой жатат. Ал жакта апам жана байкем жашайт. Бишкекке келип турушат.

АкиПресс: К.Бакиев сизге Бишкек шаарынан батир бөлүп берүү демилгесин козгогогон деген сөздөр бар эле. Ошол чынбы? Чын болсо батир бөлүндү беле?

Атай: Батир берем деп убада кылганы чын. Сертификатына кол коюлуп, 7-8-апрелде берилмек болчу. Бирок, бул убактарда башаламандыктар болуп кетип, батирди алганга жетишпей калгам. Азыркы бийликтен сурагандан уялам. Себеби, менден башка эле өздөрүнүн маселелери көп.

Кыргызмын: Кыргызстанда бий мектебин ачуу ойлоруң барбы? Cени эл аралык сынактарда моралдык жана материалдык жактан ким колдойт?

Атай: Азыркы учурда көптөгөн долбоорлорго катышып, убактым жок болуп жатат. Ошол себептен бий мектебин ачканга азырынча шарт жок. Бирок, келечекте ойлорум бар. Кудай буюрса, сентябрь айларына пландаштырып жатам.

Кыргыз уулу: Атай сага албан-албан ийгиликтерди каалайбыз жана чоң-чоң жеңишке жетишиңди Аллахтан тилейбиз. Азыркыдай оор учурда Улуу Кыргыз элинин жакшы сапаттарын сендей азматтарыбыз гана дүйнөгө көрсөтөт.

Атай: Чоң рахмат, Кыргыз уулу (Kyrgyzuulu). Мындан ары да талыкпай аракет кылабыз.

Махабат: "Украина Маэ таланты" теле дорбоорунун финалдык бөлүгүнө катышууга даярдык кандай болуп атат? Бул жолу материалдык жагынан кыйынчылык болбой турганбы?

Атай: Бул долбоорго өз аракетим менен барайын деп максат кылуудамын. Демөөрчүлөрдөн же мамлекеттен каражат сурагандан уялып жатам. Ал эми даярдык боюнча жакшы аракеттер көрүлүп жатат. Буюрса, жакшы ийгиликтерге жетишкенге аракет кылам.

Махабат: Күзүндө Англияда өтө турган эл аралык сынакка колдоолор болсо, катышам деп жүрдүңүз эле, жардам беребиз дегендер болуп атабы?

Атай: Жылдын аягында Англияда боло турган конкурска катышуу үчүн чакыруулар болуп атат. Жардам беребиз деген деле адамдар бар. Азыр болсо, бул конкурска катышуу үчүн жана башка көптөгөн сынактарга даярдык көрүп жатам.

Атайга алдыда ийгиликтерди каалап кетмекчибиз!Азаматсың Атай, ушунуңдан жазба!!!

Студенттерди майрамы менен куттуктайбыз!!!

Майрамыңыздар менен!!!

Туулган күнүңүз менен Айбек!!!

Айбек Акматовдун Туулган күнү менен куттуктайбыз

Темир Назаров - За жизнь (аудио)

Прослушать музыку и скачать

Бишкек, я люблю тебя

Фоторепортаж

Темир Назаров - За жизнь

Новый клип от Темира Назарова. Душевная песня как и клип...

__________________________

Биздин Көмөктөштөр

  • Кыргызча Портал
  • Маркетинг кыргыз тилинде
  • Кыргызча маалымат порталы
  • Амантурдун өздүк сайты
  • .
    Free counters!