Жагат

Аалы Туткучев

01.04.2011

Жүктөп алуу/Скачать

 

 

Сөздөрү

Төкмө акын Аалы Туткучев

«Эч ким сага болуп бербейт Ата-Эне!»

Дөңгөлөктөр чимирилип, Баратамын сапарда.

Орто жашап калган адам, Отурду эле катарда.

Санын мыкчып, ыйлап ийди кайгырып,

Күн уяга батаарда.

А мен болсо түшүнө албай ал жайын:

- Эмне болду, байке сизге, Керек балким жардамым?

Кайгы толгон карегинен жаш сыгып,

Карады да үн катууга аптыгып:

Эстеп кеттим энекемдин арбагын.

Угасыңбы айтып берем, Уюп турат көкүрөктө арманым.

Ал киши айтат: Анда бала жаш чагым,

Мектебимдин босогосун биринчи ирээт аттадым.

Эч ким анда билбечү эле, Көкүрөктө дарт барын.

Сокур кемпир айылдагы, Таягы бар жөлөгөн.

Сокур кемпир келди десе, Муздап кетет жүрөгүм,

Муз куйгандай төбөмөн.

Ошол кемпир менин энем төрөгөн.

"Баласы" - деп,- тиги сокур кемпирдин,

Досторумдун шылдыңынан кемсиндим,

Энекем деп айталбаймын, арданам,

Эчак эле мээрим качкан денемен.

Ошол үчүн айткым келбейт "Эне" деп,

Андан көрө "Сокур кемпир" деген эп.

Эжей бизге тамгаларды таанытып,

Алиппени жаңы гана бүтүргөн.

Анан бизге: Ата-энелер чогулушу, Эртең деди күтүнгөн.

Бириң калбай үйүңөргө айткыла,

Деди эжеке баарыбызга, Парталарда тизилген.

"Сенин энең сокур" дешип, Дагы шылдың кылбасын,

Мен сокурга айтпайм дедим ичимден.

Окуучулар кирип жатты, Ата-энесин жетелешип колунан,

Олтурамын ичтен сызып, Кутулбастай кемсинүүнүн шорунан.

Жай ачылып каалгасы класстын,

Сокур кемпир кирип келди, Келгендердин соңунан.

"Кайдан билди, неге келди уялтып",

Араң турдум амалымдын жогунан.

Ата-энеси эркелетип алдында, Классташтар эс тартышып калса да.

Мен корунуп жалгыз турдум аркада.

Сокур кемпир ал да жалгыз олтурду, Эң алдынкы партада.

Үйгө кайттык, курбуларым, Атасына, апасына эркелеп.

Уялгандан таштап сокур кемпирди, Басып кеттим эртелеп.

Келди кемпир көптөн кийин темселеп. Атырылдым ачуулана жин тийип:

- Мени уялтып неге бардың, Деп кыйкырдым мурдум менен бир тийип.

Классымда кошунамдын кызы бар,- Ошол келип айткан - деди шылкыйып...

 

Андан бери канча суу шар акпады, Канча ирет таң атпады.

Ошондогу наристе классташтар, Он биринчи классты аяктады.

Жыйырма бешинчи май, Майрамдык салтанатта.

Ыр, күлкү, музыкалар чар тарапта.

Куттуктап уул-кыздарын, Ата-энелер гүл кармап арка жакта.

Мен гана жерди карап, Жандүйнөм ооруп турду.

Тигине сокур кемпир, Колунда гүл кармаган,

Башында тамтыгы жок жоолук турду.

Күбүрөнгөн үнү дагы, Көркү жок гүлү дагы

Мен үчүн бир тыйынча болуп турду.

 

Мекенди коргоо үчүн сапар алдык,

Узатып досторумду, Ата-эне, туугандары келип жатты.

Баштыгын да башкасын да, Керегиңе жарат деп, Акчасын да берип жатты.

Баштык кармап келиптирсокур кемпир,

Басып кеттим, жандүйнөм жерип жатты.

Жаш агып жалгыз көздөн, Жалдырап кейип жатты.

Жанына барган жокмун, Баштыгын алган жокмун,

Башка курбу досторго окшошподум.

Поездге түштүм дагы жөнөп кеттим,

Жек көргөн кемпир менен коштошподум.

 

Таяк жеп таанышканда деддер менен, Пол жуудук, байпак жуудук,

Кордук көрдүк айылдан эч көрбөгөн.

Табалбай каткан нанды, Апасы жапкан нанды,

Солдат жок эскербеген. Түн бою кат жазышып,

Жумасынан кечиктирбей бат жазышып, Достор алек калемсап, дептер менен.

Калемсап колума албай, Карган сокур кемпирди оюма албай,<

Студенттерди майрамы менен куттуктайбыз!!!

Майрамыңыздар менен!!!

Туулган күнүңүз менен Айбек!!!

Айбек Акматовдун Туулган күнү менен куттуктайбыз

Темир Назаров - За жизнь (аудио)

Прослушать музыку и скачать

Бишкек, я люблю тебя

Фоторепортаж

Темир Назаров - За жизнь

Новый клип от Темира Назарова. Душевная песня как и клип...

__________________________

Биздин Көмөктөштөр

  • Кыргызча Портал
  • Маркетинг кыргыз тилинде
  • Кыргызча маалымат порталы
  • Амантурдун өздүк сайты
  • .
    Free counters!