Жагат

Эркин Рыскулбеков менен маек

18.04.2011

Коомдук биринчи каналдагы “Түнгө карай”, “Бишкек-Анкара-Баку” телеберүүлөрүнүн алып баруучусу Эркин Рыскулбеков менен маек.
 
-Эркин, СТС телеканалына барган экенсиңер. Кандай жаңылык менен келдиңер?
-Биздин Коомдук биринчи каналдын “Жаштар” студиясы “Сорос” фонду менен биргеликте “Акыл ордо” долбоорун ишке ашырганы жатат. Буга 9-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышат. Тагыраак айтканда, Россиядагы “Самый умный” теледолбоорунун окшошун ачып жатабыз. Мындай телеберүүлөрдү даярдоодо тажрыйбанын жоктугу чоң маселе. Бир да канал, бир да журналист мындай программанын үстүндө иштеп көргөн эмес. Кинорежиссерлор да айтып калышат го “жаныбарлар менен жана жаш балдар менен иштешүү эң оор” деп. Ошондуктан Коомдук биринчи каналдан 4 кызматкер СТС каналынан чакыруу алып, тажрыйба алганы барып келгенбиз. “Самый умный” телеберүүсүнүн балдарды тандап алгандан баштап декорацияны жыйнаганга чейинки иштеринин баарын ийне-жибине чейин аңдап-көрүп келдик.
Алар 5 күндө 20 берүүнү тартып бүтүрүп коюшат. Студия эски Туполев заводунун ангарларында экен. Ошол эле жерден “Кто хочет стать миллионером?”, “Комеди клаб” жана башка программалар тартылат. “Самый умный” берүүсүнүн кезектеги топтому апрелдин аягында тартылат. Балким Кудай буюрса барып калаарбыз.


-Кайра барасыңарбы?
-Мүмкүнчүлүк болсо барып келмекпиз. Же болбосо өзүмдүн каражатым менен болсо да бармакмын. Себеби “Акыл ордо” долбоорун ачып, жаш балдар менен иштешүүгө күйүп турам. Азыркы учурда ушул программа менен жашап турам. Суроолорду өзүбүз даярдап жатабыз. Кечээ күнү эле 8 китеп сатып келдик.


- Белгилүү адамдардан кимдерди көрдүң? Кандай таасир калды?
-Мени таң калтырган нерселер көп болду. “Самый умный” долбоорунун эле үстүндө иштеген чыгармачыл топтун курамы 57 адамдан турат экен. А бизде мындай долбоордо ашып кетсе 5 адам иштейбиз. Телеберүүнүн суроолорун түзгөнгө эле 17 адам иштейт экен. Бизде Оксана деген редакторубуз бар, экөөбүз эле даярдайбыз. Экинчиден, мамлекеттин ошол программага болгон кызыкдарлыгы. Окуучулар Рязандан келеби, Минсктен келеби, Алматыдан барабы, алардын жол киресин, коштоп келген чоң киши менен кошо жашаган жерин, тамак-ашын баарын каржылап беришет экен. Аларда программа көрүүчүгө иштейт. А бизде өзүбүз менен өзүбүз иштеп жүрө беребиз.
Инсан катары Тина Канделакиден көптү күткөм. Өзүнүн импровизациясы, өзүнүн таланты деп ойлогон элем. Текст суфлерден окулат экен. Баары айтылып турат. Кофесин көтөрүп турган бир кыз, туфлисин көтөрүп турган экинчи кыз... Ал жылдыз катары келип, өзүнүн текстин окуйт, кетет. Ммм.. мага көп жага берген жок. Андан сырткары, Константин Эрнестке (Биринчи каналдын жетекчиси) жолугууга мүмкүнчүлүк болду. Мен өзү “Камеди клабдын” күйөрманымын. Гарик “Бульдог” Харламов менен жолугушууну самап жүрдүм эле. Атайын Останкиного барып “Две звезды” программасы учурунда аны менен жолугуп сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк алдым. Жекече пикир алмашкандарым ушулар болду. Андан башка көпчүлүк эле белгилүү адамдарды көрдүм.


-“Акыл ордо” долбооруна Бишкектеги окуучулар катышабы?
-Албетте, Бишкектеги окуучулардын катышууга мүмкүнчүлүгү бар. Эгер башка аймактардан келип катышам дегендер болсо албетте кабыл алабыз. Бирок алардын келип-кеткенин каржылоого мүмкүнчүлүгүбүз жок. Айта кетчү нерсе, тандоо аябай катуу жүрөт. Берүү кыргыз жана орус тилдеринде болот. Кыргызчасына 542 окуучу биринчи турдан өттү. Ошонун ичинен 35 эле окуучуну тандап алдым. Программа жогорку деңгээлде болушу үчүн катышуучуларга да талапты бийик коюп жатабыз. Мени таң калтырган окуучулар болду. Ч.Айтматовдун биринчи чыгармасын билбеген окуучулар бар экен. Күн тутулуу деген эмне экенин билбегендер бар экен. Башка суроолорду айтпай эле коёюн. 


-Окурмандарга өзүң жөнүндө да маалымат бере кетсең.
-Чын атым Эркинбек (күлөт). Баары Эркин деп жүрүп эле Эркин болуп калыптырмын. Воронцовкадагы гимназия-мектепти бүтүргөм. Анан сиз экөөбүз Кыргыз-Түрк Манас университетин бүтүрдүк да. Коомчулук менен байланыш жана реклама багытында билим алдым. Кесип деген алган дипломуң эмес, жүрөгүң чакырып турган нерсе го. Журналистиканы аркалап калдым.


-Буга эмне себеп болду?
-Алып баруучулук хоббим болчу. Мектептеги иш-чараларды алып барчумун. Университетке келгенде да ректораттан суранып сахнага чыга берчүмүн. Телеканалга тандоо жүрүп жатканын угуп барып катыштым. “Эртең жакшынакай кийинип, чачыңды жасап кел” дешти. Тандоонун экинчи туру болот го деп ойлогом. Келсем эле студияга чыгарып “Жаштар KG” деген программага алып баруучу кылып койду.


-Айтмакчы,  “Жаштар KG” эмнеге эфирге чыкпай калды?
-Ал берүүнүн өзөгүн калтырып, өзгөртүүлөрдү киргизип, башка декорация менен “Түнгө карай” берүүсүн ачтык. Бирок эми “Түнгө карайды” да токтотобуз.


-Эмне үчүн?
-Негизи орус каналдарында деле “Поле чудес”, “КВН” сыяктуу кээ бир берүүлөрдөн башкалары көпкө жашабайт. Телевидениенин өзүнүн мыйзамдары бар. Берүү эң жогорку чекке жеткенден кийин кайра ылдый түшө баштайт. Ошол жогорку чекитин сезип, ылдый түшө электе жаап коюп, башка долбоор алып чыгуу адистиктин белгиси болушу керек.


-Анда жаңы долбоорду күтө берсек болот экен да.
-Буюрса, Кыргызстанда биринчи маалыматтык ток-шоу ачууну пландап жатабыз. Эми ал жаңы телевизиондук мезгилден башталат. Ага чейин “Түнгө карайдын” алдыга койгон максаттарын ишке ашырып алалы.


-“Түнгө карай”, “Жаштар KG” талаш-тартыш түрүндө болуп, чуу чыгып кеткенге чейин жетет. Ушундай көрүнүштү башкарып туруу кыйын эмеспи, кандайдыр бир өзгөчөлүктү талап кылабы?
-Эмне себептен урушуп жатканын билсең оңой эле бастырып койсоң болот. Менин оюмча, талкууну башкара алуунун жалгыз бир жолу – ошол маселени түшүнө билүү. Мисалы, азыр эле балдар түрмөлөрү жөнүндө берүү даярдадык. Буга чейин бул тууралуу эч кандай маалыматым жок болчу. Бул маселени көтөрүп чыгуу үчүн 1-2 күн интернеттен чыкпай окуп даярданасың да, студияга чыкканда келесоодой болбош үчүн. Кыргыз журналисттеринин мага жакпаган жери – маселени толук билбей туруп талкуулап баштагандыгы. Билбейсиңби, чыкпай кой! Чынын айтайын, мен 1-2 жолу чыкпай калдым. Чындыгында оор тема болчу. Былтыр 7-апрелден кийин саясий темаларды “мына бүгүн эфирге алып чык” деген учурлар болду. Мен баш тарттым. Себеби бүт Кыргызстан эли көрүп жатат. Аларды сыйлаш керек. Башкаруунун сыры ушунда. Кээде башкарылбай деле кете берет. Студиядан чыгып мушташа кеткендер болот.


-Мисалы...
-Мисалы, Клара Ажыбекова эжекебиз, мен аны аябай сыйлайм, Мирсулжан Намазалиев менен айтыша кетип, “силер демократтар!” деп Мирсулжанды чапканга чейин барган да (күлөт).
Бирок социалдык тармак аябай көкөйүмө жетти. Анткен менен эл алдындагы жоопкерчиликти сезүүдөн жана бул маселени башка эч ким көтөрүп чыкпашын түшүнгөндүктөн алып чыгууга туура келет. Ошол жоопкерчилик болгону үчүн ошол жерде темселеп жүрөм да (күлөт). Буга караганда “Бишкек-Анкара-Баку” телекөпүрөсүн алып бара баштагандан кийин ушул чөйрөгө кызыгып калдым. 1-2 жылда баштаган иштеримди жыйынтыктап алып ошол чөйрөгө өтөм.


-Маданий жакка өтөсүңбү?
-Маданият жагы болобу, көңүл ачуу жагына.


-(Күлүп) Шоу бизнеспи?
-Мүмкүн. Бирок шоу бизнес чөйрөсүндө баары эле жоопкерчиликтен качып, күнөөлүүнү издеп турган учурларга туш болдум. Акыйкаттык жок экен.


-Акыйкаттык жок. Саясатта андан да бетер.
-Саясатка да ишенбей калдым. Партиялардын атын айтпай эле коёюн. Шайлоо өткөнгө чейин журналисттен жакшы киши жок, эптеп эле программаңа катышып алса болду. А журналист катары мага ал киши эми кызыктуу болуп баштады. Себеби анын мойнунда жоопкерчилик бар, кайсы бир орунду ээлеп отурат. Эми “келип бергиле” десем, орой айтканда, бармагын көрсөтөт. Жеке тааныш болуп калган журналисттерди орусча айтканда “кидать” этип кеткенден кийин 5 миллион калктын алдында кандай жоопкерчиликти тартат ишенимим жок. Көрүп атабыз баарын. Жер титиреп жатканы да бекеринен эместир. Кудайдын “тынчыгыла” деген кандайдыр бир белгиси. “Кышты Кудай ураарда кар ээрип жаз болот, ханды Кудай ураарда өз элине кас болот”. Хандарды кайра Кудай урайын деп калса керек.


-Эми сөздү жагымдуу нукка буралы. Жашоодо эмнеден ырахат аласың?
- Мени кызыктырган эки нерсе бар. Бирөөсү, энкаунтер оюну. Бишкек боюнча коддорду катып коёбуз. Топ-топ болуп чогулуп алып коддорду издейбиз. Кээде суткалап ойноп кетебиз. Экинчиси, дебат. Эмне үчүн биздин каналда талкуу программалары чыгып баштады? Аны баштаган биз дебатерлорбуз. “12-раунд” деген берүүнү да Карманбек Кулуев экөөбүз чыгарып жатабыз. Ал да дебатер. Мен 7-8-класстарда окуп жүргөндө киши менен сүйлөшө алчу эмесмин. Уялчаак элем. Доскага чыгып ыр айтып бере алчу эмесмин. Дебатка катышып баштагандан кийин пикир алмашууну, критикалык ой жүгүртүүнү үйрөндүм. Дебатка катышууну бардык окурмандарга сунуштайм. Мектептерде, университеттерде дебат клубдары бар. Кызыктын баары маалыматта. Маалымат жандуу сүйлөшүүдө. Маек курууну да билиш керек экен. Алып баруучулук ишиме кошулган салымдын 90%ы дебаттан деп айта алам. Кыргызстан боюнча 500дөй дебатер бар. Мисалы, Эдил Байсалов, Жоомарт Сапарбаев, Мирсулжан Намазалиев, президенттин пресс-катчысы Султан Каназаров жана башкалар. Алардын баары “дебат болбосо бул даражага жетпейт болчубуз” дешет.


-Достукка кандайсың? Досторуң жөнүндө айтып берсең.
- Достукка чоң маани берем. Жакын дос бир эле адам болот. Калгандары курдаштар. Башыма кыйын күн түшкөндө азыркы курчап жүргөн саясатчы жана башкалар мен тарапка карап койбойт. Себеби мен аларга Эркин катары эмес, журналист катары керекмин. Эртең журналист болбой калдымбы, керегим жок. А тигил досторумду

Студенттерди майрамы менен куттуктайбыз!!!

Майрамыңыздар менен!!!

Туулган күнүңүз менен Айбек!!!

Айбек Акматовдун Туулган күнү менен куттуктайбыз

Темир Назаров - За жизнь (аудио)

Прослушать музыку и скачать

Бишкек, я люблю тебя

Фоторепортаж

Темир Назаров - За жизнь

Новый клип от Темира Назарова. Душевная песня как и клип...

__________________________

Биздин Көмөктөштөр

  • Кыргызча Портал
  • Маркетинг кыргыз тилинде
  • Кыргызча маалымат порталы
  • Амантурдун өздүк сайты
  • .
    Free counters!