Жагат

Каныкейдин концерти эмнеге Опера жана Балет театрында болбойт?

28.04.2011

русский  

Рекомендую

Кыргызстандын өзгөчө үндүү ырчысы Каныкей Бишкекте экинчи ирет концерт берүүгө даярданып жаткан кези. Эскерте кетсе жылдын башында Бишкектеги Опера жана Балет театрындагы берилген алгачкы концерти ийгиликтүү өтүп, концертке баргандар ыраазы болуп кайтышкан. Бул ирет Каныкей концертин 10-11 майда Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында өткөрмөкчү.

Каныкейдин продюсери, Мамасадык багышевдин айтымында, алгач, мурдагыдай эле концертти Опера жана Балет театрында өткөрүү пландалынган.

«Мен Опера жана Балет театрынын администрациясына кайрылдым. Биздин концерттик программа атайын ушул театрга ылайыкташтырылып ойлоп чыгарылган эле. Биринчи концертибиз ийгиликтүү өткөн, театрдын окустикасы аябай ыңгайлуу эле. Бирок бул ирет, биз кайрылганда, бизге, Маданият министрлиги театрда поп аткаруучулардын концерттерин койдурууга тыюуу салды деп жооп беришти", - деди Мамасадык Багышев

Продюсер маданият министри Нурлан Шакиевге кайрылган. "Нурлан Шакиев эстрадалык ырчылардын концерти театрдын статусун төмөндөтүп жатат деди. Тыюуу, биздин концертибизден кийин этрадалык аткаруучулардын театрда концерт өткөрүү боюнча кайррылгандыгына байланыштуу экен", - деп тактап кетти.

Ошону менен бирге, продюсер мындай пикирге кошулаарын билдирди. "Бирок, театрдын администрациясы өзү тандаш керек", - деди ал.

Акырында Каныкей жана продюсери бул жолку концертти Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында өткөрүүнү чечишти.

"Концерт ийгиликтүү өтөт деп ойлойбуз. Биз көрүүчүлөргө бир топ сюрприз даярдап койдук. Бул жолу да алып баруучу Каныкей өзү болот",   - деди М. Багышев.

Студенттерди майрамы менен куттуктайбыз!!!

Майрамыңыздар менен!!!

Туулган күнүңүз менен Айбек!!!

Айбек Акматовдун Туулган күнү менен куттуктайбыз

Темир Назаров - За жизнь (аудио)

Прослушать музыку и скачать

Бишкек, я люблю тебя

Фоторепортаж

Темир Назаров - За жизнь

Новый клип от Темира Назарова. Душевная песня как и клип...

__________________________

Биздин Көмөктөштөр

  • Кыргызча Портал
  • Маркетинг кыргыз тилинде
  • Кыргызча маалымат порталы
  • Амантурдун өздүк сайты
  • .
    Free counters!